Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада биринчи жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Хайбатулла Ахунзада 30-октябрда Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарындагы Дарул Улум Хаким медресесине барган. Талибдердин лидеринин сүйлөгөн сөзүндө диний билдирүү гана болгон жана саясий билдирүүлөр болгон эмес.
Талибдер Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин бийликке келген. Алар бир айдын ичинде Ооганстанда бийликти басып алышкан. Талибан өкмөтү азырынча тааныла элек. Буга карабастан алардын лидерлери башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрүштү.
Хайбатулла Ахунзада 2016-жылы мурдагы лидер Ахтар Мансур учкучсуз аппараттын соккусунан жок кылынгандан кийин талибдердин лидери болгон.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.