Москва бийлиги мигранттарга курулуш иштеринде иштөөгө уруксат бербей калышы мүмкүн

Орусиянын Москва шаарында курулуш иштеринде 40 пайызга жакын жумушчулар жетишпейт. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Андрей Бочкарев билдиргенин орусиялык "Тасс" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, аталган шаардагы курулуш иштерге 80 миң жумушчу жетишпейт.

"Азыркы учурда жумушчулар, инженер-техник кызматкерлери жетишсиз. Бул Москва шаарында массалык курулуш иштери жүрүп жаткандыгы менен байланыштуу.

Мурун шаардагы мигранттардын саны 120 миңге чукул болсо, учурда алардын саны 40 миңге жакын. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан, Кыргыз өлкөсү жана Тажикстандан келишет.

Бизде бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу бар. Мисалы, Кытайда курулуш иштеринде иштеген жумушчулардын маянасы орточо эсеп менен 150 миң рубль (179 миң сомдун тегерегинде), финдерде 240 миң рубль (286 миң сомдун айланасында), Улуу Британияда 250 миң рубль (298 миң сомдун тегереги). Ал жакта чет өлкөлүк жумушчуларды киргизишпейт.

Мен курулуш комплексиндеги кесиптештериме жана подрядчыларга Москва шаарындагы курулуш объектилеринде чет элдик жумушчу күчү жок иштөөгө мүмкүндүк берүүчү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасын койдум", - деген Бочкарев.

Ошондой эле вице-мэр курулуш иштеринде жумушчулардын саны 3 эсе аз болуп, маяна 2-3 эсе көп болушу керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Gulina00
2021-11-01 13:17:48
Олуп кеткир десе биздей иштей албайт сенин жун баштарын.
+18
Datka7777
2021-11-01 13:55:33
Билгенин кылбайсынбы
+12
zam81
2021-11-01 14:30:58
Кордукго орустардын иштегенин колунан бок келбейт умный боло беришет биз айткандай кылып иштеп чондорго сам придумал дегенде тутоп кетесин да)
+15
nazira...
2021-11-02 07:22:13
zam81,кокуй орустарда да барбы бизге окшогондор, аларды честный деп билебиз го.
-2
Tursunbaev1978
2021-11-01 19:27:10
Эки,күн иштейт жакшы,болду анан бир апта майрам орустарга,ошону билген подрядчиктер мигранттарды айла жок иштетет
+6
CAPATAH
2021-11-01 22:03:43
.албаептор дегенден башкв айоа жок. Орустаеиотуп,биздин бийлик .албпебы
0
Jaysan030
2021-11-01 22:43:54
CAPATAH,- басылып кетти, без обид...
+1
nazira...
2021-11-02 07:20:58
Өзүбүздө эле иштегилечи, бизде деле курулуштар көп го. Зато өз элиң өз жериң, ал жакка только эл жер көргөнү эле баралычы.
+3
Sajakat14
2021-11-02 15:07:15
Тил үйрөнүп өнүккөн бай мамлекеттерге иштегиле. Ал жакта силерди адам катарында көрүшөт. Айлыгыңарды жешпейт. Ооруп калсаңар больничный жүрө берет. Иштебесең деле айылк алып.Орустар силерге каалаган оюнунун көрсөтө берет! Билектерди түрүп туруп тил курсуна бир 3-4 ай барып окуп тест берип анан Европа, Америка жакка умтулгула!
+3
Sajakat14
2021-11-02 15:08:30
Тойлорго эле канча акчаны салып салып жатасыңар. Тил окуп алсаңар мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктери ачылат эл журт!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан