Белград: Азат Салидинов казакстандык балбанга мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды

Бүгүн, 1-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна 87 килограмм салмакта катышкан Азат Салидинов алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда коңшу казакстандык Максат Сайлау аттуу балбан менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Атаандаш биринчи бөлүктө эле 9 упай алганга жетишти.

Кыргыз балбанынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү казакстандык балбандан көз каранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан