Буга чейин, 31-августта Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу бир катар маданият кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Сыйлык алган айрым белгилүүлөр наамдарын "жууп", тойканаларда жакындарынын курчоосунда кече өткөрүштү.
Алсак, Эл артисти наамын алган Динара Акулова 10-сентябрда кош майрам уюштурду. Тагыраагы ырчы туулган күнүн жана наам алганын бирге белгилеп, анын жакшылыгына бардык жакындары, сахналаштары күбө болуп, каалоо-тилектерин айтышты.
Ал эми 22-октябрда Айчүрөк Иманалиева Эл артисти наамын "майлап", тойканалардын биринде той өткөрдү.
30-октябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков борбор калаадагы тойканалардын биринде жакшылык кече уюштурду. Анда улуу баян айтуучусу Эмгек сиңирген артист наамын жакын адамдарына "жууп" берди.