Бишкекте психикалык жактан жабыркаган Тынычбек Апсатаров аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Коомдук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, ал 6-октябрдан бери дайынсыз болууда.
Тынычбек Апсатаров 1978-жылы туулган. Ал Учкун-9 конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эмес.
Кийип жүргөн кийимдери: Мезгилге жараша. Бою 160 сантиметр, салмагы 50 килограмм, арык дене түзүлүштө.
Өзгөчө белгилери: Мурду кыйшык, оозунда так бар. Психикалык жактан жабыркайт.
Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабар берүүңүздөрдү жакындары суранат. Байланыш номерлери: +996 555 23 04 90, +996 755 07 47 20.