Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Абдырахман Маматалиев Курманбек Бакиев үчүн сатылып берилген учакты сатып салууну же "Кыргызстан" авиакомпаниясынын балансына өткөрүп берүүнү сунуштоодо. Жыйында депутаттар Транспорт жана байланыш министрлигинин 2012-жылга карата бюджетин жана 2013-2014-жылга карата бюджеттин божомолун карашкан. Бюджетте министрлик 28,1 миллион сомду "Кыргызстан" авиакомпаниясына King Air-350 учагын тейлегендиги үчүн карызы экендиги жазылган. Мындан улам "Ар-намыс" фракциясынын депутаты көрсөтүлгөн сумма негизсиз жумшаларын айтып, аталган учакты сатып же "Кыргызстан" авиакомпаниясына өткөрүп берүүнү сунуштады. Кошумчалай кетсек, Транспорт жана байланыш министрлиги King Air-350 учагын 2008-жылы Курманбек Бакиев үчүн сатып берген. Учак 12 адамга ылайыкталып, баасы 6,5 миллион долларды түзгөн. Учурда бул учакты президент Алмазбек Атамбаев колдонот.