Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунда өрт болуп жаткандыгын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Жыл сайын жаз-күз мезгилинде өрттүн алдын алуу максатында машыгуу өткөрүлөт. Бүгүнкү машыгуулар акимчилик менен сүйлөшүлүп өткөрүлүп жатат. Өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлүп жаткан жай Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн имаратынын жанында өтүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.