Биз социалдык тармакта

"Орден берип дагы алдашты". Сот Акин Токталиевдин Садыр Жапаров менен Галина Байтерекке каршы доо арызын кабыл алды

Биринчи Май райондук соту Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровго жана мамлекет башчынын мурдагы пресс-катчысы Галина Байтерекке каршы доо арызын кабыл алды. Бул тууралуу Акин Токталиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Сот төртүнчү аракетимден кийин менин доо арызымды кабыл алды. "Даңк" орденин беришип, мени дагы бир жолу алдап коюшту. Ошондуктан сотко кайра кайрылдым. Сот отурумунда толук айтып берем. Орденди албайм десем коомчулуктун алдында реабилитация жасайбыз дешип артымдан кубалап жүрүп беришкен", - деп жазды ал.

Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровго жана мамлекет башчынын мурдагы пресс-катчысы Галина Байтерекке каршы ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча доо арызы 12-июлда кайтарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Simels
2021-11-02 13:13:11
Дедулька өз ишиңди кыла берчи. Неберелиңди кара, үй иштери менен алек бол!
-2
alimbek94
2021-11-02 13:23:49
Бул молдону өзүн түрмөгө отургузуш керек. Ошол жакта каалаган намазын окуп жата берсин. Кыргызстанды светтик өлкө эмес, диний фанаттардын өлкөсүнө айлантабыз деп тантырап чыкканычы. Ушуга окшогон сабатсыз молдолордон арылбай койдук. Кыргызстандын копчулук эли динге берилбейт, диний фанат болгулары келбейт. Копчулук эл светтик коз карашты карманышат. Ушуну тушунуп тушунбой эле айкыра беришет айрым чала молдолор.
-5
ChagyIgan7
2021-11-02 13:33:32
Камаш керек!
-5
suban78
2021-11-03 07:10:07
Айланайындар динге катуу берилгендер оз жолунар менен мамлекеттик иштерге аралашпай журо бергилечи. Аябай ынтымак булар, дароо чогула коюшат. Кыргызстан светтик мамлекет. Ар нерсе чеги менен эле болгону жакшы да. Же Озбекстан, Тажикстанга окшоп мамлекет силерге бут тосуп жатпагандан кийин тынч эле журо бергиле да.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан