Калькулятор менен башка чапкан окуя: Кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам токтотулду

Бишкекте балдар паркында кардар сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген окуя боюнча козголгон кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам токтотулган. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматына байланышканыбызда маалым болду.

"Бул ишти Октябрь райондук соту карады. 29-октябрда чечим чыкты. Анда жабыр тарткан кыз тараптан айыпталуучуга карата кылмыш ишин тараптардын жарашкандыгына байланыштуу токтотуу боюнча арыз түшкөн. Сот эки тараптын кайрылуусун угуп кылмыш ишин токтотту", - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борбордо болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "ээнбаштык" менен катталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Көп өтпөй бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко үн каткан. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз тилин билбеген кызды чаап жиберген А.А.га расмий эскертүү берген болчу.
Көп өтпөй бул окуяга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин реакция кылып, Кыргыз өлкөсүнүн Жокорку Кеңешинин төрагасына бул окуяны жеке көзөмөлгө алуу тууралуу кайрылуу жолдорун билдирген.

10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуп, аталган оюн-зоок борборунда орун алган Кыргыз Республикасынын жараны менен аталган мекеменин кызматкери, орус улутундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын ортосунда болгон окуяны талкуулашкан.

Ал арада Орусиянын ички иштер министрлиги орус тилдүү кыргыз кызына кол салган Кыргыз жаранына он жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салганы маалым болгон.

29 жаштагы А.А.нын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту карап, 1 айга камакка алуу түрүндөгү чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-11-03 04:19:28
Тан калдым да,орус улутундагы кыргыз жараны болсо,орус элчисине не жок.Кыргызстанда жашагандан кийин,кыргыз тилин билбесе,жок дегенде дежурный создорду,уят та.Маспы,сообу,сатуучу кардар менен мамиле тузгонду билуу керек.Россияда мигранттар тест тапшырат,орус тили боюнча,жадакалса тарыхтан суроолор бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан