Борбор калаанын борбордук бөлүгүн эстетикалык көрүнүшкө алып келүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерин Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын так сактоого суранабыз", - деп жазылат маалыматта.