Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки кабаттуу кафе толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Токтогул районунун Телман айылындагы Үтүров көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу жалпы аянты 75 чарчы метр болгон тамактануучу жай толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 05:54тө чектөөгө алынып, 07:06да толук өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.