"Атам бир тууган эжесине чалып, эртең көрүшөбүз дептир". Жалал-Абдда 58 жаштагы жаран 10 күндөн бери дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 58 жаштагы Саттар Асылбаев дээрлик 10 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул туурасында белгисиз болуп жаткан жарандын кызы Мээрим порталыбызга билдирди.

Айтымында, атасы 23-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен.

"Атам ошол күнү саат 21:00 чамасында бир тууган эжесине чалып, эртең көрүшөбүз дептир. 24-октябрь күнү тойго барышмак. Андан кийин эч кимибиз байланыша албай койдук. Телефону өчүк болуп жатты. 24-октябрда атам бирдигин кайра-кайра текшергенин милиция кызматкерлери айтышты.

23-октябрда атам достору менен отурушка барып, андан кийин башка үйгө конокко барган экен. Ошондон кийин кайда кеткени белгисиз. Атам менен чогуу отургандар да билбейбиз дешти. Биз өз алдыбызча издеп көрдүк, милицияга арыз менен да кайрылдык. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок.

Отуруш болсо ичимдик ичилди, пикир келишпестик болуп кеттиби, бирөөлөр атайын жашырып отурабы деген ойлор келип жатат бизге", - дейт ал.

Саттар Асылбаев эч кандай оору менен жабыркабай турганын кызы кошумчалады.

Сүрөттөгү жарандын жакындары кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнүшөт. Байланыш номерлери: 0507 049-001, 0778 515-087.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-11-02 19:41:44
Ичимдиктин натыйжасы жакшылыкка алып барбайт!
+5
Belo
2021-11-02 22:17:54
Аллахым колдоп аман,эсен келип калсын
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан