Биз социалдык тармакта

Санкт-Петербургда 44 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган деген шек менен Кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Выборгский районунда 44 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылды делген шек менен 49 жаштагы Кыргыз жараны кармалды. Мындай маалымат орус басылмаларына жарыяланды.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелген жаран жүргүнчү ташуу кызматын көрсөткөн компаниялардын биринде айдоочу болуп эмгектенчү.

"Ал 27-октябрь күнү "Лесная" метросуна жакын жерде маршруттук унаада жалгыз калган 44 жаштагы аялга карата сексуалдык иш-аракеттерди жасап, зордуктоого аракет кылган. Ошол эле күнү жабырлануучу айым айдоочунун үстүнөн арыз жазып, полиция кызматкерлерине кайрылган.

Окуядан көп өтпөй аталган станциядан кылмышка шектелип кармалган адам тарабынан зордуктоо аракетине кабылган дагы бир 16 жаштагы өспүрүм кыз аныкталган", - деп айтылат маалыматтарда.

Ал эми өлкөнүн тергөө комитети кармалган жаранга кылмыш ишин козгогону маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
voennyi88
2021-11-02 23:25:49
Жөн эле койбопсунда. Ваннага эле кирип турбапсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан