Бикини милдетүү болчу. Гандбол федерациясы спортчу айымдарга чолок шым кийип ойноого уруксат берди

Эл аралык гандбол федерациясы (IHF) кум үстүндөгү гандбол оюнунда спортчу айымдарга чолок шым кийип ойноого уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Буга чейин федерация айымдар оюнга милдеттүү түрдө бикини менен чыгышы керек деген талап койгон. Октябрь айындагы жаңыланган эрежелерге ылайык, жогорудагы талап кайрадан алып салынганы белгилүү болду.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында өткөн Европа чемпиондугунда Норвегия улуттук курама командасынын гандболчу айымдары оюнга чолок шым кийип чыгышкан. Бирок беттештен кийин федерация командага 1500 евро өлчөмүндө айып пул салганы кабарланган.

Ал окуядан соң социалдык тармактарда нааразычылык акциялары башталып, активисттер "спортто айымдарды сексуалдык өңүттөн көрсөтүү токтотулсун" деген чакырыктарды айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2021-11-03 09:42:18
Милдеттүү эмеспи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан