Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова Түркиянын Стамбул шаарында концерт коёт. Ырчынын билдирүүсүнө ылайык, концерттик иш-чара Түрк элдеринин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналат.
"12-ноябрда Стамбул шаарынын эң белгилүү "Cemal Resit Rey" концерт залында командам менен концерт беребиз. Бул майрам түрк дүйнөсү менен бизди бириктирет. Андыктан боордоштор, туугандар сиздерге кыргыз кайрыктарын жана ырларымды тартуулайм", - дейт ал.
Концертте урма аспап, үйлөмө аспап, кыяк, комуздун коштоосундагы кайрыктар жаңырат.