100дөн ашуун мамлекет жаратылышта метан эмиссиясын азайтуу боюнча макулдашты

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган Глазгодогу саммитте 100дөн ашуун мамлекеттин башчылары 2030-жылга чейин жаратылышта метан эмиссиясын 30 пайызга чейин азайтуу милдеттемесин алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, АКШ, Евро Биримдик жана башка өлкөлөр макулдашкан мындай кадам глобалдык жылуулуктун артышын алдын алууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле алар жаратылышта 1,5 градус жылуулукту сактап туруу максатын көздөп жатышканы кабарланды.

АКШнын президенти Жо Байден жогорудагы аракетти жакынкы убакта глобалдык жылуулуктун артышын басаңдатуу үчүн эң мыкты стратегия деп атап, Америка 2030-жылга чейин метан эмиссиясын 30 пайызга азайта аларын ишенимдүү түрдө белгиледи.

Метан эмиссиясын азайтуу боюнча келишимге кол койгон мамлекеттерге дүйнөлүк экономиканын 70 пайызы туура келет. Муну менен катар алар жаратылыштагы метан эмиссиясынын дээрлик жарымын камтыйт.

Бирок саммитке катышкан мамлекеттердин арасынан Орусия, Кытай жана Индия өлкөлөрү жогорудагы макулдашууга кол коюшпаганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, метан газы климаттын өзгөрүшүнө жана глобалдык жылуулуктун артышына олуттуу түрдө салым кошкон факторлордун бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан