Тоодон кулап, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Дастан Камчыбеков триатлон боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн БАЭге учуп кетти

Тоодон түшүп келе жатып кулап, башына катуу сокку болгонун көп өтпөй көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калганын айткан SUPER.KG порталынын каарманы Дастан Камчыбеков 5-ноябрда БАЭде өтө турган көзү азиздер арасында триатлон боюнча дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн учуп кетти.

Камчыбеков биринчи жолу эл аралык турнирге катышат. Тактап айтканда, ал "спринт" дисциплинасы боюнча өнөрүн көрсөтөт. Атаандаштар 750 метрге сүзүп, 20 чакырым велосипед тепсе, 5 чакырымга чуркашат. Спортчуну машыктыруучусу Андрей Ханадаев коштоп жүрөт. Дастан Камчыбековго байланышканыбызда буларга токтолду.

"Ооба, бул эл аралык турнирге алгачкы ирет катышып жатам, буюрса утам деген чоң ишеничим бар дейт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан