Биз социалдык тармакта

Чек ара: Тажикстан тактала элек аймакка дагы курулуш иштерин жүргүздү

Коңшу Тажикстан Кыргыз өлкөсү менен болгон чек аранын тактала элек аймагына курулуш иштерин жүргүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен Майский участогундагы аймакка тажик жарандары тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Ошол эле убакытта аталган факт боюнча Тажикстандын Хожа-Алъо айылындагы чек ара башчысы менен "Көк-Таш" чек ара постунун башчысы сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле бул маселе боюнча Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчыларынын да сүйлөшүүсү орун алып, курулуш иштери толугу менен токтотулган. Учурда аталган аймакта абал туруктуу. Эч кандай курулуш иштери жүргүзүлгөн жок", - деп билдиришти облустук өкүлчүлүктөн.

Бул Тажикстан тарап чек ара тилкесине жакын жердеги курулуш иштерин токтотуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды бузган биринчи факты эмес. Август айында дагы Головной суу алуучу аймагында курулуш иштерин жүргүзүп баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
-FREEDOM-
2021-11-03 12:18:12
Акмактар!
+3
Ala.too.456
2021-11-03 13:59:49
Силердин протоколунар алар учун жон эле бир кагазда эй.
+5
Aibek_eka
2021-11-03 14:14:35
Тойгозду ушу тазиктер
+3
Dembele84
2021-11-03 14:56:48
Койдон жоош кыргыз бийлигин билип бутту.
0
zhaynak
2021-11-03 15:24:43
Жанагы Байрак келип калса, жардырып жардырып таштай турган болушту.
+2
Shbdn
2021-11-03 23:28:27
Куратта чек ара жабык деп кур ооз менен эле айтып жатышат Баткендик тааныштар айтып эле жатышпайбы кыргыз тараптан бензин күйүүчү заттар агылып эле кирип жатат экен.биздин онолушубуз кыйын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан