Бүгүн, 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 898 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 898 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 198 метр куб, агып чыгышы 458 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 3-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 772 миллион метр кубду түзгөн.