Баласын алдына отургузуп алып, унаа башкарганы үчүн Дайыр Исмадияровго 3 миң сом айып пул салынды

Ырчы Дайыр Исмадияров баласын алдына отургузуп алып, унаа башкарганы үчүн айыпка жыгылды. Тагыраагы, Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан ырчыга 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Башкы башкармалыктын маалыматына ылайык, Бузуулар жөнүндө кодекстин 123-1-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн айып салынды.

"Жогорудагы эреже бузуу 2-категорияга кирип, 3000 сомду түзөт. Айдоочу жол эрежесинин бардык талаптарын билүүгө жана так аткарууга милдеттүү, жол эрежесин бузууда жеке өзүнүн өмүрү эле эмес жүргүнчүлөрүнүн өмүрүнө коркунуч алып келерин эстен чыгарбоосу керек", - дешет маалымат кызматынан.

Буга чейин социалдык тармактарга ырчы унаасынын алдына жаш баланы отургузуп алып, айдаган видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-03 21:27:58
Энеңди артисттер, чындап эле артистта!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан