
Буга чейин баласын алдына алып, унааны башкарган ырчы Дайыр Исмадияров айыпка жыгылганы кабарланган. Ырчы мыйзамга баш ийип, жоопкерчиликти сезип 3 миң сом айып пул төлөдү. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ошондой эле Дайыр мырза башкаларга кайрылып, мындай көрүнүштү кайталабоого чакырды.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарга ырчы унаасынын алдына жаш баланы отургузуп алып, айдаган видеосу тараган. Андан кийин Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бузуулар жөнүндө кодекстин 123-1-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн ырчыга айып салган.