Орусияда жүк ташуучу учак кулап, экипаждын 7 мүчөсү тең каза болду

Орусиянын Иркутск облусунда жүк ташуучу Ан-12 учагы кулап, экипаждын 7 мүчөсү тең каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Якутск-Иркутск багытында жүргөн Ан-12 учагы азык-түлүк жана башка керектелүүчү товарларды алып келе жаткан.

"Иркутск облусундагы аэродромго жакын калганда учакка бир айлануу жасоо тапшырмасы берилген. Бирок экинчи айланууга көтөрүлгөн учурда учак радардан жоголуп, аэродромго жакын жердеги Пивовариха айылындагы токойго кулап түшкөн.

Учак кулаган жерге май төгүлүп, 300 чарчы метр аянтта өрт чыгып, кызматкерлер тарабынан өчүрүлгөн. Ал эми учактын бортундагы экипаждын 7 мүчөсү тең каза тапты. Учурда кырсык катталган аймакта тиешелүү кызматкерлер иш алып барышууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан