Биз социалдык тармакта

Бишкек мэри №8 автобустун катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардан кабар алды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 29-октябрда №8 автобустун катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришет.

Эске салсак, кырсыктын кесепетинен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 12 адам жеткирилип, алардын 4ү ооруканага жаткырылган. Жеңил жаракат алган 8 адам амбулатордук дарыланууга үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Стационардык дарыланып жаткан 4 жаранга Бишкек шаарынын мэриясынын резервдик фондунан материалдык жардам бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан