Ысык-Көл облусунда УКМКнын кызматкерлери үчүн 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Батирлерди пайдаланууга берүү аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Калыбек Жумадылов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ардагерлери катышты.