
Бишкек шаарындагы Аммосов №37 дарегинде жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өрттү өчүрүүгө саат 12:23тө Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:32де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:40та Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:43тө Штаб, жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылган маалыматта.