Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Өзбек чек арасында эки өлкө тарабынан чек ара заставалары орнотулду

Баткен облусунун Кызыл-Кыяк айылындагы Кыргыз-Өзбек чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери шарттуу сызыкка жакын жерге заставаларды орнотуу иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү максатында аталган аймактагы чек ара күзөтчүлөрү үчүн контейнер орнотулган. Ал эми өзбек тарап буга жооп иретинде чек ара заставасын шарттуу сызыкка жакындатуу аракетин көрүп, аймакты тазалоого киришкен.

Бүгүн, 4-ноябрда эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда өзбек тараптын чек ара заставасын шарттуу сызыктан жылдыруу маселеси талкууланганы кабарланды.

"Жолугушуунун жыйынтыгында өзбек тараптын чек ара заставасы мурдагы ордунда кала турганы макулдашылды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 8-ноябрда чек арадагы кыймылдын маршрутун белгилөө үчүн эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалганы айтылды.

Учурда Кыргыз-Өзбек чек арасында абал туруктуу экендиги кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fernando_Torres
2021-11-04 21:50:13
Бул Мусульман туугандардын жакшылары да бар жаманы да аз эмес булар кычык болот менталитети ушундай сиз сиз деп тек койсоң үстөмдүк кылгысы келе берет чек арасын жылдыргыдай алардын чоң атасынан калган жер бекен такталган жана не тиралный жерге эч бир мамлекеттин басып алууга басым жасаганы укугу жок жана агрессия кылганы үчүн жестькой ответ бериш керек сөз менен албетте
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан