
"Кыргызкөмүр" ишканасы Жумгалдагы "Кара-Кече" көмүр кенине көмүргө барган айдоочулар 1-2 күндө эле көмүр жүктөп чыгып кетсе болорун белгиледи.
"Айрым айдоочулар жалган сүйлөп, "Кыргызкөмүрдүн" атына доо келтирип жатышат. Көмүр бербей жатат, 15 күн күтөм, үйгө келе албайм деген маалыматтарды беришет. Ал эми изилдей келгенде 1-2 күндө эле көмүрдү жүктөп чыгып кетсе болот. Жалган маалымат берүү менен жакын адамын гана алдабай, ишкананын да атына доо келтирүүдө", - деп билдирди ишкананын маалымат катчысы Жийде Зоотпекова.
Жийде Зоотпекова учурда мындай маалыматтар байма-бай түшүп турарын билдирди. Ошондой эле "Кыргызкөмүр" ишканасы күнү-түнү иштеп жаткандыгы белгиленди.