Венгрия Кыргыз өлкөсүнүн вакцина алуусу жөнүндө паспортторун таанууну чечти. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто президент Садыр Жапаров менен жолугушууда айтты.
Маалыматта айтылгандай, муну менен эмдөөдөн өткөн Кыргыз жарандары Венгрияга тоскоолдуксуз кире алышат.
"Мындан сырткары ал 2022-жылы «Будапешт-Бишкек» түз аба каттамы ачыларын билдирди. Петер Сийярто билим берүү чөйрөсүн сөз кылып жатып, эки тараптуу кызматташтыкты ЖОЖдор менен эле эмес, баштапкы жана орто билим берүүдө дагы өстүрүү зарылдыгын белгиледи.
Министр Венгрия Кыргыз өлкөсү менен жогорку стратегиялык мамилелерди колдоо үчүн бардык аракеттерди көрөрүн дагы бир жолу тастыктады", - деп айтылат маалыматта.