Өзбекстанда социалдык тармактарга чектөө киргизилген окуя. Коммуникация министри кызматынан кол жууду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев маалыматтык технология жана коммуникацияны өнүктүрүү министри Шухрат Садиковду 3-ноябрда өлкөдө бир катар социалдык тармактарга чектөө киргизгендиги үчүн кызматтан алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Садиков бул кызматты 2018-жылдан бери аркалап келген. Андан сырткары өлкө башчысы премьер-министрдин кеңешчиси - IT-технология, телекоммуникация жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Олимжон Умаровду да кызматынан бошотту.

Эскерте кетсек, 3-ноябрда Өзбекстанда Одноклассники, LinkedIn, Инстаграм, Фейсбук, Youtube жана Телеграм мессенжерине чектөө киргизилген. Көп өтпөй бул ишке президент кийлигишип, аталган социалдык тармактарга кирүү калыбына келтирилген.

Ал эми "Узкомназораттын" жетекчиси Голибшер Зияев кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bishkek-Kg
2021-11-05 21:59:37
Министир элдин кызыкчылыгы үчүн жасады эледа, президент кайра бузукулукка жол бериптир ёлки.
+3
Oryol-bala
2021-11-05 23:51:56
Bishkek-Kgошо да,
+2
Tursunbaev1978
2021-11-06 21:42:44
Президент өзүн пиар кылды менин пикирим,болбосо мындай чечимди министрлер өздөрү чече албайт Өзбекстанда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан