Өзбекстанда бир катар социалдык тармактар жеке маалыматтардын купуялуулугу жөнүндө мыйзамдарды бузду делинип расмий түрдө ишине чектөө коюлду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн телекоммуникация жана маалыматташтыруу тармагына көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик инспекциясы (Узкомнадзор) жеке маалыматтар жаатында Өзбек жарандарынын укуктарын бузган социалдык тармактардын тизмесин жарыялаган. Аталган тизмеге Инстаграм, Фейсбук, Телеграм, Ютуб, Тик-Ток, Линкедин, Одноклассники жана Мой мир мессенжерлери кирген.
Өзбек бийлиги аты аталган компанияларга 2-июлда эле эскертүү жөнөткөнүн, бирок эч кандай жооп болбогондуктан 3-ноябрда өлкө аймагында алардын ишине чектөө койгонун белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Өзбекстанда Тик-Ток, Твиттер, Вичат жана ВКонтакте мессенжерлеринин иштөөсүнө чектөө киргизилген.