Ош шаарынын мэринин мурдагы басма сөз катчысы Азамат Абсатаров облустук балдар ооруканасында орундар жетишсиз болуп, эне, балдардын полдо жаткан сүрөтүн жарыялады. Айтымында, бул көрүнүш 5-ноябрда тартылган.
"Бул сүрөт облустук балдар ооруканасынан тартылган. Мен да баламды алып бардым. Дарыгерлерге рахмат. Ооруган балдар көп болсо да жетишип карап жатышат. Палаталар толуп калыптыр. Коридордо жаткан энелер менен балдар үчүн дарыгерлерди күнөөлөбөшүбүз керек. Балдарды абайлайлы", - деп жазат ал.