Биз социалдык тармакта

Акылбек Жапаров Тажикстандын өкмөт башчысынын орун басары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстан өлкөсүнүн премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода менен "Европа биримдиги – Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында жолугушту. Тараптар аймактар аралык өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашканын министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу жүрүп, эки өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды.

Ошондой эле тараптар эки элдин ортосундагы ишенимди чыңдоо жана жергиликтүү калктын ортосундагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-11-06 16:40:44
Жапаровдун бою өтө эле кичине кишиби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан