5-ноябрда Улуттук банк кайрадан интервенция жасады. Бул ирет банк валюта рыногуна 55 миллион 400 миң долларды сатты. Бул быйылкы жылдын эсеби менен эң көлөмдүү сатуулардын бири болуп калды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.
Улуттук банк жыл башынан бери 11 интервенция жасап, анын суммасы жалпысынан 446 миллион 750 миң долларды түздү.
Доллардын 6-ноябрга карата коммерциялык банктардагы болгон баасы төмөндөгүдөй:
Сатып алуу - 84 сом 75 тыйын.
Сатуу - 84 сом 90 тыйын.
Валюталык интервенция - мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.