Баткен облусунда формачан адамдар кыргыз чек ара кызматкерлерине карата таш ыргытышканы маалымдалган. Мамлекеттик чек ара кызматы окуя 4-ноябрда Лейлек районундагы Арка-Борбордук унаа жолунда катталганын тастыктады.
Мекеменин билдирүүсүндө кыргыз чек ара кызматкери унаасын буруп жатканда коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери таш ыргытышканы айтылат.
"Андан тышкары Тажикстандын чек арачылары биздин кызматкерди кармоого аракет кылышып, ийгиликсиз болгон. Бул окуядан чек арачыбыз жабыркаган жок, бирок унаасына материалдык чыгымдар келтирилди. Бул факты боюнча тергөө жүргүзүлөт, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалууда", - дешти мекемеден.