Ош шаарында "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата иш-чара өттү

Ош шаарында "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чаранын алкагында "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде маданият ишмерлери, ардагерлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аксакалдар тарабынан Алымбек датка, Курманжан датка, Абдыкадыр Орозбеков, Исакбек Монуев, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов жана Абсамат Масалиевдин эстеликтерине гүл коюлуп, ата-бабалардын арбагына арналып куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова жана мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов да катышты.

Белгилей кетсек, өлкөдө 2017-жылдан бери жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан