Биз социалдык тармакта

Социалдык фонд жана дагы бир мамлекеттик агенттик түзүлдү

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров "Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсүнүн министрлер кабинетине караштуу төмөнкүлөр түзүлсүн деп токтом кылат:

Мамлекеттик кадр кызматынын жана Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;

Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун базасында Кыргыз өлкөсүнүн Социалдык фонду.

Мындан тышкары аталган жарлыктын негизинде Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Мурунку аталышынан “тышкы соода жана инвестициялар” деген сөздөр алып салынды.

Ошондой эле жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Datka7777
2021-11-06 19:34:54
Бардак
+7
Bishkek-Kg
2021-11-06 21:00:33
Министрликтерди кыскартканы менен, буларды түзгөнү ошол эле бойдон эле калуудада.
+6
Nina.alex
2021-11-06 21:50:09
Соц фонддун ордуна соцфонд дейтко
+3
Antiradikal3
2021-11-06 22:48:43
Соц.фонддун курамында дагы бир соц.фондпу?

Же Жапаровдун крышасы кете баштады.
Же кайсы бир кудасына кызмат жетпей калып дагы бир соц.фонд тузо койду.

Ал эми реалдуулукка жакын варианты, акча адалдап казынадан акча чыгарып кетуу учун экинчи бир соц.фонд тузуу зарылчылышы келип чыккан Жапаров учун......
+6
Baktiyar731
2021-11-07 11:44:29
Antiradikal3,ар дайым чындыкты жазып кетесиң, баракелде! Бирок ушундай чындык жакпаган адамдар бар экенине таң каларлык, алар кай жери менен ойлонот түшүнбөйм.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан