Чүйдө жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен жарандын аты-жөнүн аныктоого милиция кызматкерлери жардам сурайт. Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, кырсык 3-ноябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 19-чакырымында катталган.
"ЗИЛ жүк ташуучу унаанын айдоочусу чыгыш тарапка бара жатып болжол менен 30-35 жаш чамасындагы жөө адамды сүзүп кеткен. Алган жаракаттарынан улам жабырлануучу Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген. Бүгүнкү күндө бейтап комада жатат. Мындан улам анын ким экенин тактоо мүмкүн эмес", - дешет маалымат кызматынан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене менен катталганын башкармалыктан билдиришти.
Милиция жабырлануучунун аты-жөнүн билүүгө жардам сурайт. Байланыш номерлери: 0312 616 907, 0313 25 21 47, 0709 29 00 01.