Биз социалдык тармакта

"Кардарлар соода кылбай кетип жатышат". "Дордой" базарындагы соодагерлер электр жарыгынын өчүшүнө нааразы (сүрөт, видео)

Бишкек шаарындагы "Дордой" базарында соодагерлер беш күндөн бери электр жарыгы тынымсыз өчүп, сооданын жүрбөй жаткандыгын SUPER.KG порталына билдиришти.

Соодагерлердин айтымында, базардын айрым жерлеринде беш күндөн бери электр жарыгы маал-маалы менен өчүп, сооданын жүрүшүнө тоскоолдук жаратууда.

"Мен "Дордойдо" 15 жылдан бери иштейм. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатат. Беш күндөн бери электр жарыгы саат эртең мененки 9:30дан 15:00-16:00гө чейин өчүп жатат. Ал эми бүгүн такыр эле жок. Бул товардын өтүшүнө терс таасирин тийгизип жатат. Соода кылып алалы деп ушул сезонду күтөбүз.

Салыктарды убагында төлөйбүз. Электр жарыгы өчсө дагы салыктын өлчөмүнө кыскартуу болгон жок. Төлөөгө келгенде акчаны "сыгып" алышат.

Ал эми тиешелүү органдарга кайрылганыбызда, оңдоо иштери жүрүп жатканын жана эртең, 8-ноябрдан баштап электр жарыгы берилерин билдиришти. Негизи алдын ала эскертүү бериши керек эле", - дейт соодагер Жекшен Расулов.

Ошондой эле соодагерлердин бири электр жарыгынын жоктугуна байланыштуу кийимдердин өлчөмдөрүн таппай калып жатышканын, кардарлардын албай кетип жатканын билдирди.

Электр жарыгынын өчүшү жеке эле соодагерлердин көйгөйү эмес. Базардагы тамактануучу жайлардын ишине да таасирин тийгизбей койгон жок.

"Тамактарыбыз берилбей жатат, чайлар муздак. Мындай шартка карабай күндө келебиз, элдер да "жылуу болсо деле бере бериңиз" деп сурап жатышат. Билгениңиздердей базар абдан суук", - дейт тамактануучу жайдын бириндеги ишкер.

"Дордой" базарындагы соодагерлер электр жарыгынын өчүшүнө нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
AntiradikaI3
2021-11-07 20:42:15
Күндөн энергия алчу аккумлятор алгыла! Буларда акча көп!
0
AntiradikaI3
2021-11-07 20:44:11
Барыбыз светти уномдойлу!
+2
Antiradikal3
2021-11-08 08:45:00
AntiradikaI3, атандын башы, клон ник!!! Бийликтин жугундукору!!!
-4
Mister-XXX
2021-11-08 13:38:05
Antiradikal3,Кызык го,мобу точно айнып калган
озу менен озу уруша баштаган го...
+2
Fernando_Torres
2021-11-07 23:51:24
НАРАЗЫ болмоктон ашып кет нары суу аз болсо чоң атаң светин бермек беле
-3
Antiradikal3
2021-11-08 08:24:17
Fernando_Torres, Садыр атан сууну сатса анан свет болмок беле?!!
-1
Fernando_Torres
2021-11-08 08:51:24
Antiradikal3, Сууну сатпаса деле аны кантип кармап каласың Өзбекстан ылдыйыш Кыргызстан толуу аймак сууну сен сойку тосуп калмак белең чоңтогуно салып Аллах каалаган жака барат сууну сен жасап алган менчигин беле Суу мурда деле жок болуп свет өчкөн суу аз болсо свет өчпөй сага не Дарбыз бышмак беле Апенди харамсынар колуңардан эч нерсе келбейт лохсунар Аллах күчтүү Аллах кана Мээримдүү Сенин соодан менен мененин мне тийешем бар
-2
Dembele84
2021-11-08 10:16:21
Fernando_Torres,Бокту жеген жугундукор мал!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан