Бишкектеги "Ак-Тилек" желим чыгаруучу заводдон чыккан өрт өчүрүлдү

Кечээ, 7-ноябрда Бишкек шаарындагы "Ак-Тилек" желим чыгаруучу заводдон чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт саат 22:37де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жаракат алган.

Буга чейин Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан желим чыгаруучу заводдон өрт чыккан. Анда өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа, штаб жана 5 куткаруучу, бир ыкчам топ тартылганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан