Кечээ, 7-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу аяктады.
Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта катышкан Бекболот Мырзаназар уулу финалга чейин жетти. Финалда кыргыз балбаны азербайжандык Алиаббас Рзазаде аттуу балбан менен кез келди.
Эки балбан чыныгы финалдык беттешти тартуулай алышты. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө эсеп 6:6 болуп, упайлардын сапаты боюнча азербайжандык балбан жеңүүчү деп табылды. Буга кыргыз машыктыруучулары нааразы болуп, Бекболот Мырзаназар уулун килемден алып чыгып кетишти.
Бирок кийинчерээк калыстар чечим өзгөртүлбөй турганын айтып, азербайжандык балбандын колун көтөрүштү.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду.