1-ноябрдан баштап 7-ноябрга чейин Чүй облусунун аймагында айдоочуларга карата рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө 1633 эреже бузуу катталган. Бул күндөр аралыгында 31 айдоочу унааны мас абалында башкарган. 492 айдоочу катуу ылдамдыкта айдаса, 20 айдоочу документтери жок болуп чыккан. Ал эми 54 унаа айып короого киргизилген.