1993-жылдан бери Армения өлкөсүнүн оккупациясы алдында калган Карабахты 2020-жылы 44 күн ичинде Азербайжан өзүнө толугу менен кайтарып ала алган.
Бүгүн, 8-ноябрда 44 күндүк согушта Азербайжандын тарыхый жеңишине туура бир жыл толду. Аталган өлкөдө ата мекендик согушта жеңишке жетишкендин урматына бүгүн ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, дүйнө өлкөлөрү өз куттуктоолорун жиберип жаткан маалы.
Азербайжандын борбору Баку шаарынын негизги көчөлөрүнүн биринде флешмоб уюштурулду. Анда адамдар "Жеңиш күнү" деген жазуу менен муштумдун формасында тизилишкен.