Биз социалдык тармакта

Электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөө боюнча министрликтин түшүндүрмөсү

Электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизилди. Бул боюнча Энергетика министрлигинен түшүндүрмө беришти.
Маалыматка ылайык, учурда министрлик тарабынан керектөөчүлөргө электр энергиясын колдонуу үчүн берилген техникалык шарт менен электр эсептегичтерге инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Анын негизинде көпчүлүк ишканалар электр энергиясын өндүрүш үчүн колдонууга деп документ алып, иш жүзүндө жылытуу үчүн колдонуп жатканы белгилүү болду. Бул факты боюнча акт түзүлүп, пломбалар басылууда", - дешти министрликтен.
Ошондой эле жөнөкөй абоненттер электр энергиясын колдонуу эрежесине ылайык эки же андан ашык тиричилик техникасын бир эле учурда иштетүүгө уруксат берилбейт.
"Трансформаторлор алдын ала эсептелген кубаттуулукка жараша иштейт. Алар ашыкча жүктөм менен иштесе, электр жабдуулары иштен чыгуу коркунучу бар.
Айрым абоненттер электр энергиясын пайдалануу эрежесин сактабай, бир эле убакта бир нече тиричилик техникасын колдонуп жаткандыктан электр эсептегичтерге лимит коюлууда.
Эгер аталган эрежени аткарсаңыз эле лимитти сактаган болосуз. Ошондуктан тиричилик техникаларын баарын бир учурда эмес, кезек-кезеги менен иштетиңиз", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
AntiradikaI3
2021-11-09 10:57:03
Туура кадам
+1
Antiradikal3
2021-11-09 13:52:45
AntiradikaI3, бул клон ник, бийликтин камчысын чапкан жугундукор!!!

Супердин жетекчилиги менин билдируулорумду очуруп, клон никтин билдируулорун калтырып жатат. Эмнеге? Бул клон никти ким ачса да акмак, мени жаман корсоткусу келген. Эмнеге башка ник ачпай, менин нигимди клондоп жатат?!

Супердин жамааты бул клон никти ачпаса, бул клон никке тиешеси болбосо, анда эмнеге клон никтерге тыю салып тазалабайт?! Форумчуларды чаташтыруу, адаштырууга ТЫЮ САЛЫНАТ дегени кана?!
-1
AntiradikaI3
2021-11-09 10:57:25
Чектөө киргизиш керек! Жапаровдун саясатын баарыбыз биригип колдойлу!
-1
dosym
2021-11-09 11:07:16
Бийликтин эң мыкты чечими болуптур, кыргыз элим эми өнүгөт буюрса
-3
Antiradikal3
2021-11-09 11:26:38
dosym, атандын башы..... Жайы менен сууну сатып, эми элди суукта кыйнаса онугобу олко?! Тупой!
+2
dosym
2021-11-09 11:08:25
Телевизор көрүп атканда телефонду зарядка сайбагыла, чай кайнатып атканда плитага телевизорду өчүрүп койгула
+5
Antiradikal3
2021-11-09 11:27:37
dosym, баягы эле элге кыйын. Чондордун уйундо бир айылдын жарыгы жанып турса да жин тийбейт, свет очпойт......
+3
AntiradikaI3
2021-11-09 11:12:35
Эн туура чечим
0
talant87
2021-11-09 13:13:34
Акчасын толобосон пеня кошот Эми мындайы ашачапканы акчасын толодум демек иштетем
+1
Azura
2021-11-10 10:17:52
Артка кадам. Жапайычылык.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан