Дүйнө чемпиондугу: Бекболот Мырзаназар уулунун финалдык беттеши боюнча UWW'га кат жөнөтүлдү

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулунун финалдык беттешиндеги калыстардын чечими боюнча UWW'га (Дүйнөлүк күрөш уюму) кат жөнөтүлдү. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кат финалдык беттешти кайра карап чыгуу үчүн жөнөтүлгөн.

Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта катышкан Бекболот Мырзаназар уулу финалда азербайжандык Алиаббас Рзазаде аттуу балбан менен кез келген. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө эсеп 6:6 болуп, калыстар жеңишти азербайжандык балбанга ыйгарышкан. Буга кыргыз балбанынын машыктыруучулары нааразычылыгын билдирип, Бекболот Мырзаназар уулун килемден алып чыгып кетишкен.

Чындыгында Бекболот Мырзаназар уулу упайлардын сапаты боюнча жеңүүчү аталмак. Эми Дүйнөлүк күрөш уюмунун жообун күтөбүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aimani
2021-11-09 11:46:59
8:6менен Бекболот утуш керек эле. Дүйнөлүк судьялар деле сатылышат окшойт. Туура кылдыңар кат жөнөтүп,эми кайра карап беришеби ким билет.алсыз мамлекетибиз.
+6
alinsan
2021-11-10 11:28:30
Ак ийилет сынбайт, сен биз учун дуйно чемпионусун!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан