Садыр Жапаров көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров коомдо талкуу болуп жаткан көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

"Жайлы-жайлай “Кыргызкөмүрдө” саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталды. Муну моюнга алабыз. Бирок саботажга карабай ӨКМнын бардык техникаларын өз убагында жардамга киргизип, көмүр казууну тездетип, үлгүрүп калдык.

Азыр да саботаж уланып жатат. Анткени ал жактагы коррупцияны жок кылып жатабыз. Кандай коррупция деген суроо туулат. Мисалы, "Кара-Кечеден" Балыкчыдагы көмүр кампага унаанын номери менен “баланча унаа менен түкүнчө тонна көмүр келип түштү” деген кагаз эле келет экен. Мөөр басылып, кабыл алынды болот.

Тагыраак айтсам, "воздух" келет. "Воздух" көмүрдүн ордун эмне менен толтурушат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип ЖЭБге алып келгенде "бармак басты, көз кысты" болуп эле өтүп кетип турган. "Кара-Кечеден" баштап ЖЭБге чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп турушкан. Ошентип ЖЭБ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн.

Ушул ишке аралашкан бир канча адам камалышты. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттук. Башка коррупциялашкан иштердин үстүнөн дагы иштеп жатабыз. Кыскасы, чирип калган системаларды тазалап жатабыз", - деп жазган Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
PFC-CSKA
2021-11-09 15:42:41
Ошол элдин канын ичип пайда тапкан коррупционерлерди аянтка алып чыгып баштарын кесип салгылачы.тажатты ушулар бут бардык тармакта коррупциялык система тузуп алышып
+7
Lev79
2021-11-09 16:12:16
Жанын жеп эле актанып турат Шылтоосу көп өтө жалганчы адам экен Садыр.Уялбайбы кичине.
-2
sezima93
2021-11-10 06:08:00
Lev79,элге тушундурмо берип жатат стлерди мурунку призиденттер Адам катарында да корчу эмес элего алар ушундай тушундурмо берди беле уйунордо олтуруп алып акылдуу Боло бересинер силер
+1
Asmat84
2021-11-09 16:17:21
Бийликти алганына бир жылдан ашык болсо да ушуга окшогон майда проблемаларды чече албай жатканы жакшы эмес.
+1
sezima93
2021-11-10 06:06:04
Asmat84,бар анда бийлике Барып олтуруп сен чем аялдардай болуп тилинер эле буудай куурат экен колунардан бок келбейт силерге эмне ал чыйкырчы беле
+3
Asyl.jazi
2021-11-10 12:48:12
Asmat84,бир жылда сиз эмне кылдыныз мекенге, ошону ойлоп корун?
+1
Bishkek11
2021-11-09 17:02:40
Афирист
-4
Dembele84
2021-11-09 17:56:31
Комурду,сууну чече албай еще асман курам деп асмандан суйлогон калпычы экен бул аванар!
-3
Asyl.jazi
2021-11-10 12:46:29
Dembele84,колунуздан келсе барып сиз чечин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан