Биз социалдык тармакта

Польша менен Беларустун чек арасына чогулган мигранттарга ок атылды

Польша-Беларусь чек арасында Польшанын аймагына кирүүгө аракет кылган мигранттарга карай ок атылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мигранттарга ок Польша тараптан атылган. Окту чек араны бузууга жол бербөөгө аракет кылган аскер адамы аткан деп болжолдонууда. Ок атуудан жабыркагандардын жана каза болгондордун жок экендиги белгиленүүдө.

Буга чейин миңдеген мигранттар Беларусь өлкөсүнөн Польшага кирүүгө аракет кылып жатканы айтылган. Польша бийлиги чек ара аймактарына аскер кызматкерлерин жана атайын техникаларын тартып, жаңы чептерди курууну улантып жатат. Бирок миграциялык кризисти чечүү азырынча болжолдонгон жок.

Мындай кырдаал бир нече айга курчуп, дүйшөмбү күнү начарлап кеткен. Польша өкмөтүнүн басма сөз катчысы Петр Мюллердин айтымында, учурда чек арага жакын жерде 3000-4000 мигрант бар жана Беларусь өлкөсү боюнча дагы 10 миңден ашуун адам Польша менен чек араны кесип өтүүгө аракет кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nuuman
2021-11-10 09:11:35
Зордук кылып кирип бара берсе боло береби?
0
Gulina00
2021-11-10 10:05:57
Ошентип догурунуп кирип барса кабыл алат бекен.
0
Mister-XXX
2021-11-10 13:53:27
Булар качкындарбы же мигрантбы?Так маалымат бериш керек.
0
Antiradikal3
2021-11-10 17:24:24
Mister-XXX, Жакынкы Чыгыштык качкындар. Сирия, Ирак ж.б. олколордон баргандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан