Борбордук шайлоо комиссиясы "Азаттык" партиясынан бир талапкерди тизмеден чыгарды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
БШКнын жыйынында "Азаттык" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн Мунарбек Сайпидиновду талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө маселе каралды. Баяндаманы шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев жасады.