Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматтан алынды. Үгүт иштерине аралашкан кайсы жетекчилерге чара көрүлдү?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгы жетиштүү деңгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

- Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

- Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн;

- Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

- Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынды;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nuria.5150
2021-11-09 23:50:34
Эми шайлоо таза өтсө экен , шерменде кылбай ...
+4
Kolyaa
2021-11-10 00:07:22
Кайсы партияга үгүттөсө ошол партияны шайлоого аттануу укугунан ажыратыш керек эле.
+14
KUMKA
2021-11-10 00:15:50
Эмнеге ректор. Ал киши университетти бир жакшына өнүктүрүп жатпайбы
-3
Datka7777
2021-11-10 02:11:52
KUMKA,аркасын такай койгон экен
+1
Sofiya05
2021-11-10 09:26:34
KUMKA,Билим берүү министри да алынсын иштен! Эмнеге ага сөгүш жарыялап эле болдубу? Баарынын жетекчиси иштен алынса Болотбек Купешев баш болуп кетсин!
+1
amirrus
2021-11-10 04:57:42
Кожобековдо эмне куноо бир жакшына эле иштеп жаткан кишини иштен алып ,бирди коросунор бул кетиште
0
aliya-leyla
2021-11-10 07:22:39
Партия эмне учун жаза албайт? Башкаларга согуш жарыяланып, анан Кожобеков иштен алыныш керек беле?
+4
bond0202
2021-11-10 12:09:55
Ректордун местасы дагы бироого керек болуп калган го
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан