Жалал-Абадда дайынсыз болуп изделип, кийин жансыз денеси табылган жарандын жакындары айдоочуларга кайрылат

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган 58 жаштагы Саттар Асылбаевдин жакындары айдоочуларга кайрылат. Алар Кыла айылынан Кочкор-Ата шаарына чейинки трассада 23-октябрь күнү саат 18:00дөн 22:00гө чейинки аралыкта унаа башкаргандарга камерасы болсо видео жазуу менен бөлүшүп коюуну өтүнүшөт.

"Жогоруда белгиленген убакыт аралыгында Саттар Асылбаев жолдо турган болушу мүмкүн деп милиция кызматкерлери божомолдоодо. Ал, балким, достору менен же өзү жалгыз жүргөн болушу мүмкүн. Мындан улам айдоочуларга кайрылып, унаасындагы камерага жазылып калган видео болсо кайдыгер карабай бөлүшүп коюуну, ишти териштирүүгө илинчээк табууга көмөктөшүүнү суранабыз", - дешти жакындары.

Эске салсак, Саттар Асылбаев 23-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында бир тууган эжесине байланышка чыгып, андан кийин телефону өчүк болуп калган. Андан кийин издөө иштери жүргүзүлүп жатканын, бирок жыйынтык болбой жатканын Мээрим айым айтып кайрылган.

Ал киши колдуу каза болгону, жансыз денеси таштанды таштоочу жайга жакын жерден табылганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан