Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча БШК Ак-Суу районунун 3 шайлоо чөлкөмүндө добуштарды кайра санап чыгуу чечимине келди. Бул туурасындагы маалыматты "Демократия жана жарандык коом коалициясынын" Ысык-Көл облусу боюнча коомдук бирикмесинин директору Мира Абдраимова кабарлады. Маалыматка таянсак, Ак-Суу районунун №3135, 3137, 3122-шайлоо участкалары боюнча арыз-даттануулар түшкөн. Негизинен участкалык шайлоо комиссиясы байкоочуларга протоколдорду берген эмес. Ошондой эле добуштарды саноо учурунда шайлоо бюллетендерди көрсөткөн эмес. Андан тышкары 25-26-ноябрь күндөрү арыз-даттануулар тиркелген актыларды аймактык шайлоо комиссиясына каттоого киргизбей коюшкандыгы маалым болду.